icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Түрк-Абад айылындагы 275 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл  аймагынын Түрк-Абад айылындагы 275 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. 

Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, орун басары Талант Иманакун уулу катышышты. 

Акылбек Жапаров Түрк-Абад айылынын тургундарын мектептин жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, “Заман өзгөрдү, жер тегеренип алда канча алдыга кетти. Биздин балдар жогорку технологиялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, бир кесипке, бир жөндөмгө, бир көндүмгө ээ болуп, оокатка тың балдардан болсун” - деди. 

Белгилей кетсек, Түрк-Абад айылындагы мектепти курууга 20 млн 350 миң сом жумшалып, аны “Ассанабиль” кайрымдуулук фондусу каржылаган.