icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

"Мамлекеттик мектептерди куруу" Долбоорунун 2-фазасы жанданат

26-декабрь күнү Мамкурулуш агенттигинде "Сауд өнүктүрүү фонду" каржылаган  "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун 2-фазасын жандандыруу максатында, КР Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу, КР Финансы министринин орун басары Р.С. Татиков, КР Экономика жана коммерция министринин орун басары С.Б. Болотов, КР Юстиция министринин биринчи орун басары З.А. Аскарова, КР Тышкы иштер министринин орун басары А.К. Атаханов, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Л.А. Самыкбаева, тиешелүү мамлекеттик департаменттеринин жетекчилери жана "Сауд өнүктүрүү фондунун" өкүлдөрүнөн турган кеңешме болуп өттү.  

Белгилей кетсек, аталган долбоордун 1-фазасы 2019-жылы башталып, анын жыйынтыгынын негизинде өлкө боюнча 28 мектеп, 2 бала бакча курулуп, алардын 98% эксплуатацияга берилген.