icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

«Престиж Би Центр» курулуш компаниясына бузууларды четтетүүгө эскертме кагазы берилди

Бүгүн 2024-жылдын 8-январында Бишкек шаарындагы Чүй / Суюмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, «Престиж Би Центр»  курулуш компаниясына караштуу участкасында (маалымат үчүн: курулуш иштери баштала элек) эски котлованы көчүп кеткендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинин 144 - беренесинин 1-пункту бузулгандыгы үчүн, «Престиж Би Центр» курулуш компаниясына  Мамкурулуш агенттигине караштуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш контролдоо департаменти тарабынан текшерүү актысы түзүлүп, бузууларды четтетүүгө эскертме кагазы берилди.

Учурда коопсуздук эрежелерди эске алып, аталган “Престиж Би Центр” курулуш компаниясы котловандын талапка жооп берерлик туруктуулугун камсыздоо боюнча  тийиштүү иш чараларды көрүүдө.