icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Н. Орунтаев: лабороторияны жаңылоо боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлөт

Н. Орунтаев: лабороторияны жаңылоо боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлөт

Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Иманакун уулу Талант Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик  институтунун ишмердүүлүгү менен биргеликте лабороториянын абалы менен таанышты.

 Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун базасындагы ВИМ-200 динамикалык машинасы имараттын жер титирөөгө туруктуулуктуулугуна  сыноо өткөрүү үчүн колдонулат. Ал эми Р- 10 аталышындагы аппарат арматуралардын ийилишин жана чыңалуусун  сыноочу машина. Ошондой эле П-10 аталышындагы аппарат менен бетондун бекемдигине сыноо жүргүзсө болорун билдиришти адистер. 

Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаевдин айтуусу боюнча, лабороторияны жаңылоо боюнча дагы алгылыктуу иштер жүргүзүлөт.