icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги Каракуль, № 1 көчөсүндөгү курулуш объектини текшерди.

Мамкурулуш агенттиги  Каракуль, № 1 көчөсүндөгү курулуш объектини текшерди.


Социалдык түйүндөрдөн алынган маалыматтардын негизинде, Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура жана курулуш көзөмөл башкармалыгы жогоруда аталган курулуш объектинин мыйзамдуулугун текшерди.


«Каракуль No1, көчөсүндөгү 9, 14, 17 кабаттуу турак үйлөр, пентхаус жана СКБ, көчөдө өз аймагында жер астындагы унаа токтотуучу жайы бар курулуш объектиси» мамлекеттик экспертизанын оң корутундусунун негизинде Мамлекеттик курулуш башкармалыгынын курулуп жаткан объектилеринин реестрине киргизилген.


Долбоорду ишке ашыруу актысына ылайык, курулуп жаткан объект анын жер тилкесинин чегинде жайгашкан. Аталган мекеменин буйругу менен жер тилкесинин чек арасына убактылуу тосмолор орнотулган. Бузууларга күнөөлү адистерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.