icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндөгү перинаталдык борборунун курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземи өткөрүлдү.

2024-жылдын 12-январында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндөгү перинаталдык борборунун курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземи өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин жергиликтүү өкүлчүлүгү катышты.

Бул объекттин курулушун баштоо максатында республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылы акча каражаты каралып, долборлоо-сметалык документтери иштелип чыккан.

Мамкурулуш тарабынан Мамлекеттик сатып алуу процедурасы өткөрүлүп, подряддык уюм тандалып алынып, учурда объектте жер казуу жумуштары башталган.

Эскерте кетсек перинаталдык борбор кыз-келиндерге кош бойлуу, төрөткө чейинки, төрөт учурунда жана андан кийинки аралыктагы жана ошондой эле ымыркайларга кам көрүү каралган борбор катары белгилүү.