icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жер титирөөгө туруктуу вибродинамикалык сыноонун 2-баскычы болуп өттү. Көрсөткүч 8,4 баллга жетти

2024-жылдын 12-январында жеңил ичке дубалдуу конструкциядан курулган 3 кабаттуу имарат жер титирөөгө туруктуу динамикалык сыноонун 2-этабынан өткөрүлдү. 1-этапта имарат жеңил конструкцияланып, 7,5 баллдык жер титирөөгө туруштук берген. 2-этапта курулуштун дубал-панелдери жабылып, имараттын ичи эмерек менен толукталган абалда сыноодон өткөрүлүп, көрсөткүч 8,4 баллга жетти. 

Сыноонун жыйынтыктары менен жаңы курулуш эрежелери иштелип чыгат.

Иш-чарага Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев, анын орун басары Талант Иманакун уулу, Мамкурулушка караштуу  Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Кенжетаев Камчыбек жана тийиштүү адистер катышты.