icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жакынкы аралыкта Мамэкспертиза департаментинин Түштүк филиалында жаңылануу болот

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору Бакай Турдугулов  жана орун басары Чингызбек Аманов Мамэкспертиза департаментинин Түштүк филиалынын ишмердүүлүгү жана шарттары менен таанышты.

Түштүк филиалынын кызматкерлерине толук шарттарды түзүү үчүн, талаптарга жооп берген ыңгайлуу иш орундары менен камсыздоо максатында жаңы имаратка көчүрүү талкууланды. 

Мамлекеттик экспертизанын директору Бакай Турдугуловдун айтуусу боюнча, департаменттин облустук өкүлчүлүктөрүндө кызматкерлер үчүн шарттарды түзүү боюнча мындан ары да алгылыктуу иштер улантылат.