icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Башкы пландын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча алгачкы маалыматтар чогултулду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик долбоорлоо институтунун Долбоорлорду иштеп чыгуу бөлүмүнүн кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айылдарына болгон иш сапар үстүбүздөгү жылдын 15-январында башталган.  

Тактап айтканда Аксы районунун Атана, Торук, Чие, Жаңы-Айыл жана Сөгөт айылдарынын башкы пландарынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча алгачкы маалыматтар чогулуп, иш сапар жыйынтыкталды.