icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш «ДСК Азат» жана «Стройсервисплюс» курулуш компанияларын пландан тышкаркы текшерди

Мамкурулуш «ДСК Азат» жана «Стройсервисплюс» курулуш компанияларын пландан тышкаркы текшерди

КР Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөлү башкармалыгы (мындан ары - Башкармалык), ошондой эле Башкармалыкка келип түшкөн  арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашуу менен  «Азат» жана «Стройсервисплюс» курулуш компанияларында пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн негизги максаты – каркассыз көп батирлүү чоң панелдүү турак жайларды курууда колдонуу үчүн чыгарылып жаткан ири панелдүү темир-бетон буюмдарынын, ошондой эле башка темир-бетон буюмдарынын сапатын көзөмөлдөө. 

Башкармалык тарабынан мындан ары дагы ири панелдүү жана ар түрдүү максаттагы башка темир-бетон буюмдарын чыгарууга багытталган башка ишканаларды текшерүүгө алынаары пландаштырууда.  

Мындай текшерүүлөр жалпы республиканын курулуш тармагынын сапатын контролдоо боюнча зарыл чаралардын бири болуп саналат жана келечекте аталган иш-чаралар адаттагыдан көп болот. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерилүүчү субъекттерге өндүрүлгөн продукциянын сапатын контролдоону жакшыртуу боюнча сунуштар берилет.