icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттигинин башкармалыктарына борборлоштурулган автоматаштырылган бухгалтердик системасы киргизилди

Мамкурулуш агенттигинин башкармалыктарына борборлоштурулган автоматаштырылган бухгалтердик системасы киргизилди

 КР Мамкурулуш агенттигинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн (өзүн-өзү каржылаган) финансылык иштерине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле эсепке алуунун жана пландаштыруунун электрондук инструменттерине өтүү максатында, шаар куруу жана архитектура боюнча 54 аймактык башкармалыкта бухгалтердик эсептин электрондук системасы киргизилген.

Мындан тышкары, бул электрондук система 5 ведомстволук  башкармалыгында, анын ичинде Мамкурулуштун региондук капиталдык курулуш башкармалыктарында ишке киргизилди. Директордун орун басары Б.К. Станбеков жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У.К. Кулмамбетова төлөм системасын «О! деньги» тиркемеси аркылуу интеграциялоо максатында «О! деньги» өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тиркеме калк үчүн ыңгайлуулукту жана жагымдуу шарттарды камсыз кылат.

 Бул платформаны киргизүү Мамкурулуштун башкармалыктарына келип түшкөн каражаттарга мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу механизмин жогорулатууга, ошондой эле республикалык бюджетке салыктык чегерүүлөрдүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.