icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш тарабынан "Кыргызгипрозем" ишканасына аймактардын тизмесин берүү чечими кабыл алынды

Мамлекеттик курулуш агенттигине караштуу Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунда Кыгыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасы менен биргеликте  жыйын болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун директору Замира Кангельдиева жана «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын  жетекчиси А. Абдиев  менен биргеликте бир нече маселелер талкууланып,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу программасынын” аткарылышы тууралуу маселелер каралды. № 490 токтому менен "Кыргызгипроземге" айылдык калктуу конуштардын чек араларын жана аянтын эске алуу менен айыл аймактарынын тизмесин берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.