icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш эскертет! Республикадагы бардык мыйзамсыз курулуштар көзөмөлгө алынган

Мамкурулуш эскертет! Республикадагы бардык мыйзамсыз курулуштар көзөмөлгө алынган

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары: Мамкурулуш) тарабынан республиканын аймагындагы бардык мыйзамдуу жана мыйзамсыз курулуштар көзөмөлгө алынган. 

Бардык курулуштар боюнча маалымат Мамкурулуштун расмий сайтында жарыяланган жана ар бир жаранга жеткиликтүү. 

Бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан бардык мыйзамдуу курулуштар Агенттиктин курулуштар реестрине киргизилген. Ал эми мыйзамсыз жол менен салынып жаткан курулуш Мамкурулуш агенттиги тарабынан  аныкталып, ар бири боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. 

Ал эми, Фейсбук соцтармакта айтылган Жалал-Абад шаарындагы курулуш боюнча маалымат: Жалал-Абад шаарындагы “Дост-Курулуш” курулуш компаниясы тарабынан салынып жаткан 9 кабаттуу үйдүн курулушу боюнча Шаардык прокуратура тарабынан иш козголгон, териштирүүлөр жүрүп жатат.