icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги убактылуу ачылган ишеним телефонун жапты

2024-жылдын 23-январына караган түнү болгон жер титирөөдөн кийин Кыргызстандын бардык аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн абалы боюнча акыркы текшерүүлөр тууралуу маалымат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш агенттигине  караштуу Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура курулуш конролдоо башкармалыгынын жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана ишженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун инспекторлору тарабынан курулуп жаткан жана эксплуатацияланган (жарандар жашап жаткан) көп кабаттуу турак жайлардын монолиттүү темир-бетон каркастарынын, тосмо конструкциялардын жана жасалгалоо иштеринин абалына болгон текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Республика боюнча учурда курулуп жана эксплуатацияланып (жарандар жашап жаткан) жаткан 214 көп кабаттуу турак-жайларда курулуш дефекттери жана жаракалар бар же жок экендиги визуалдык текшерүүдөн өткөрүлдү:

-КР Мамкурулуш агенттигинин ишеним телефонуна жарандардын кайрылуулары боюнча – 74 объект текшерилсе, Агенттиктин курулуш реестрине ылайык:

- Бишкек шаарында – 101 объект;

- Чүй облусунда – 25 объект;

- Ысык-Көл облусунда – 8 объект;

- Нарын облусунда – 6 объект текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, жер титирөөдөн кийин монолиттүү темир-бетон каркастарда, ригелдерде, шыптарда, тосмо конструкцияларында жана жасалгалоо иштеринде эч кандай мүчүлүштүктөр жана бузулуулар, оорчундуу жаракалар табылган эмес. Жарандардын кооптонуусуна негиз жок.

Ушул себептен улам Мамкурулуш агенттиги тарабынан ачылган ишеним телефону өз ишин аяктады.