icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги курулуш объекттердин электрондук реестрин ишке ашырды

Калк арасында резонанс жараткан өтө курч маселелердин бири болуп, курулуп жаткан көп батирлүү үйлөрдөн жеке турак-жай сатып алуу маселеси саналат. Алсак, сатып алынып жаткан кыймылсыз мүлк жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле Мамлекеттик курулуш агенттигинин ишин жакшыртуу максатында, мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында курулуп жаткан курулуш объекттеринин электрондук реестри ишке кирди.


Колдонуучу курулуш объектиси жөнүндө кызыккан маалыматты эркин ала алат. Мындан тышкары, курулуштун мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү портал менен интеграцияланган.

Колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн бул портал ведомствонун расмий сайтында жайгаштырылган https://gosstroy.gov.kg/ru.