icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

МАМКУРУЛУШ АТ-БАШЫ РАЙОНУ БОЮНЧА БАШКЫ ПЛАНДАРДЫ ИШТЕП ЧЫГАТ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине  караштуу Мамлекеттик долбоорлоо институтунун Долбоорлорду иштеп чыгуу бөлүмүнүн кызматкерлеринин  Нарын облусунун Ат-Башы районуна болгон кезектеги иш сапары жыйынтыкталды.

Иш сапардын жыйынтыгында Ат-Башы районунун Кара-Суу, Дыйкан, Казыбек, Жаны-Куч, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды,Большевик, Өзгөрүш, Талды-Суу, 1-Май, Терек-Суу, Калинин жана Бирлик айылдарынын  башкы пландарынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча алгачкы маалыматтар чогултулуп, аткарууга алынды.