icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫН БАШКЫ ПЛАНДАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

Үстүбүздөгү жылдын 30-январында КР Мамкурулуш агенттигинин Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору  Замира Кангельдиева Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы мамлекеттик геодезия жана картография мекемесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйында  Кыргыз Республикасынын Министрлерлер Кабинетинин 2017-жылдын 17-августундагы № 490 токтому менен бекитилген 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин актуалдуу маселелери каралды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары менен иштелип чыккан схеманын негизинде тиешелүү  иштерди жүргүзүү чечими кабыл алынды.