icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Н.К. ОРУНТАЕВ КАЙРЫЛГАН ЖАРАНДАРДЫН МАСЕЛЕСИ МЕНЕН ЖЕРИНЕН ТААНЫШТЫ

Бишкек шаарындагы Т.Фрунзе көчөсүндөгү 132-үйдүн жашоочуларынын көп сандаган кайрылууларынан улам КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев аталган объекттин жашоочулары менен учурда жаралган маселелер боюнча жолугушуу өткөрдү. 

Маалыматка ылайык,  бул турак-жай эч бир эксплуатациялык негиздемелери жана имараттын  шайкештикти баалоо сертификаты жок жашоочулар тарабынан колдонулуп келет.

Жолугушуунун жыйынтыгында КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К Орунтаев тиешелүү башкармалыктарга жана департаменттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган объекттин көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүүнү тапшырды.