icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында 375 орундуу мектеп ишке кирди

Бүгүн, 1-февраль күнү КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев жана анын орун басары Т. Иманакун уулу менен Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында жайгашкан “Тойчубек уулу Жанадил” атындагы 375 орундуу  мектептин расмий ачылыш аземине катышты.

Аталган мектептин курулуш иштери 2014-жылы башталып, 2023-жылга чейин бүткөрүлбөй келинген. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ишке берилди.

Мектептин жалпы аянты 2859,2 чарчы метрди түзүп, окуучулар сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана заманбап жабдуулар менен камсыздандырылган.

Бул мектеп Мамкурулуш агенттиги тарабынан 2023-жылы бүткөрүлгөн 105 мектептин тизмесине кирет.