icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Архитектура-шаар куруу чөйрөсүндө санариптик инфраструктура түзүлөт

2024-жылдын 1-февралында, Мамкурулуштун  имаратында, Мамкурулуштун өкүлдөрүнүн Борбордук Азиядагы консалтингдик долбоорлору боюнча «IFC» эл аралык финансылык корпорациясынын программалык координатору жана IFCнын эксперттери менен жолугушуусу болуп өттү.

Мамкурулуштун директорунун орун басары Б. К. Станбековдун төрагалыгы астында өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө биргелешкен аракеттердин төмөнкү маселелери талкууланды:

- "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө" жобону алмаштырууну караган мыйзам алдындагы актынын долбоорун иштеп чыгуу процесси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114 токтому);

- архитектура-шаар куруу чөйрөсүндө санариптик инфраструктураны түзүү;

Жолугушуунун жыйынтыгында, жогоруда аталган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуучулардын ортосунда техникалык жолугушууну уюштуруу жөнүндө биргелешкен чечим кабыл алынды.