icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2024-жылдын 2-февралына караган түнү Бишкек жылуулук электр борборунда орун алган авариянын кесепетин жоюу үчүн ыкчам штаб түзүлдү жана кыйроого учураган объектилерди кыска мөөнөттүн ичинде калыбына келтирүү иштери Мамкурулуш агенттиги тарабынан башталды. 


Окуя болгон жерге КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев жана Агенттикке караштуу башкармалыктардын, департаменттердин жетекчилери барышты. ЖЭБдин калыбына келтирүү иштерине жеке курулуш компанияларын тартуу менен курулуш иштери жүргүзүлмөкчү.