icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Акылбек Жапаров борбордогу ЖЭБдин айланасындагы кырдаал боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү

2024-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) келип, ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө ЖЭБдин толук кандуу иштешин үзгүлтүккө учураткан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев борбор калаадагы ЖЭБдин бузулган жерлерин калыбына келтирүү иштерине 100дөн ашык куруучу  ишке киришкендигин белгилеп өттү.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдын алдын ала себептери жарыяланды, атап айтканда, окуяга бир нече факторлор кошулганы белгиленди. МинКаб Төрагасы Президенттин тапшырмасына ылайык өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу себептерин изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөрүн, аны КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - КР Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектей турганын баса белгиледи. Ошондой эле Россия Федерациясынан өзгөчө кырдаалдын себептерин аныктоого көмөктөшө турган адистер келерин кошумчалады.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана борбор калаанын мэриясына бир катар тапшырмаларды берип, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ЖЭБди калыбына келтирүү иштерине тартылган курулушчулардын коопсуздугун тийиштүү деңгээлде камсыз кылуусун тапшырды.