icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдин бузулган имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырмасын берди

2024-жылдын 4-февралында Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы бузулган имараттарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө тапшырма берип, борбор калаанын ЖЭБин модернизациялоого багытталган иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.