icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек ЖЭБдин имаратынын конструкцияларынын техникалык абалы текшерилүүдө

2024-жылдын 4-февралында КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаевдин тапшырмасына ылайык акыркы окуяларга байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун имаратынын конструкцияларынын техникалык абалына баа берүү үчүн Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору К.И. Кенжетаевдин жетекчилигинин астында адистер ЖЭБдин имараттары менен курулмаларынын иш жүзүндөгү абалына курулуш конструкцияларына инженердик текшерүү жүргүзүшүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча объектилерди мындан ары эксплуатациялоо жана аларды чыңдоо боюнча корутундулар жана сунуштар берилет.

Эскерте кетсек, Бишкек Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштери күчөтүлгөн режимде уланууда.