icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте курулуш тармагына электрондук башкаруу механизмдерин киргизет

2024-жылдын 2-февралында КР Мамкурулуш агенттиги Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө, тараптар курулуш тармагын электрондук башкаруу механизмдерин киргизүү боюнча биргелешкен демилгени ишке ашыруу үчүн даярдоо иш-аракеттеринин маселелерин талкуулашты.

Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.К. Станбеков архитектура-шаар куруу чөйрөсүндө санариптик инфраструктураны түзүүнүн бир катар актуалдуу багыттарын белгиледи жана тараптар ортосундагы практикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү сунуштады.

Өз кезегинде, долбоорлор боюнча улук адис А.Аманова курулуш комплексинин санариптик инфраструктурасын куруу боюнча кызматташтыктын алкагында техникалык, консультативдик жана башка көмөк көрсөтүүгө АӨБ даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, долбоордук сунуштарды берүүнүн зарылдыгы жөнүндө консолидацияланган чечим кабыл алынды.