icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

2024-жылы Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун калктуу конуштары ичүүчү суу менен камсыз болот

2024-жылдын 5-февралында КР Мамкурулуш агенттиги Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун (ЕСӨФ) өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуу Мамкурулуштун директорунун биринчи орун басары Самат Джантелиевдин төрагалыгы астында өттү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында ЕСӨФ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планынын алкагындагы маселелер талкууланды.


Ичүүчү суу менен камсыздоо секторунда, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун калктуу конуштарында, ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо жана куруу иштери жүргүзүлөт.


Ошондой эле, 2024-жылдын аягына чейин  Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу жана Алай райондорунун айылдарына карата инвестициялык долбоордун экинчи Макулдашуусунун кол коюлушуна жана анын ишке ашыруусуна көмөк көрсөтүү боюнча иштер пландаштырылууда.


Өз кезегинде ЕСӨФ өкүлдөрү кызматташуунун алкагында ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгилешти.