icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кара-Суу шаарынын борбордук «МАНАС» стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт

Кара-Суу шаарынын борбордук «Манас» стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. 

Аталган стадион 1960-жылдары курулуп, бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Стадиондун жалпы аянты 2 гектарды түзүп, 3,8 миң орунга эсептелинген. Бул стадиондун эскиздик долбоору Кара-Суу шаарынын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты. Долбоордун алкагында стадионду оңдоп-түзөөдө  Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 7 пункт каралган, алар: 

Трибуналарды калыбына келтирип, 3800 даана олтургучтарды орнотуу, чуркоо жолдору (беговая дорожка) жана футбол аянтчысын тегиздеп кайрадан көрктөндүрүү, жарыктандыруу, стадиондун четиндеги тосмолорду жаңылоо, эскилиги жеткен ажаткананы бузуп, орлуна жаңыдан 12 көздүү ажаткана куруу, воркаут зонасын уюштуруу, волейбол аянтчасын куруу, трибуналардын үстүн жабуу (навес) каралган.