icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги туруктуу энергетикалык долбоорлорду ишке ашырат

2024-жылдын 7-февраль күнү, Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары М.О. Молдомырзаев Европа Биримдигинин “Борбор Азиядагы туруктуу энергетикалык байланыштар” (SECCA) долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган долбоордун Энергетика секторун башкаруу боюнча негизги эксперти Ильзе Пурина долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү жана жүрүшү тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде, Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары М.О. Молдомырзаев мындай долбоорлорду колдой турганын, анткени алар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү роль ойноорун белгилеп, Мамкурулуш агенттиги келечекте алдыга жылдырууну пландап жаткан экологиялык курулуш багытында туруктуу энергетиканын элементтери бар экендигин айтып өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багытта тыгыз кызматташууну макулдашты.