icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев курулуш объекттеринин шайкештигин баалоонун тартибиндеги процедураны жеңилдетүүнү сунуштады

Мамкурулуш агенттигинин жыйындар залында Агенттиктин директору Н.К. Орунтаев «Долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомунун долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо (ЖТБ) жүргүзүү боюнча жумушчу топтун отурумун өткөрдү. 

Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев белгилегендей, Кыргыз Республикасында 2021-жылдын 6-августунда кабыл алынган №114 Кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө документтерди берүүнүн жана пайдаланууга берилген бүткөрүлгөн курулуш объекттеринин шайкештигин баалоонун тартиби жөнүндө Жобону иш жүзүндө аткарууда курулуш компанияларга жана мамлекеттик органдарга бир катар кыйынчылыктарды түзгөндүгү аныкталды. Документтерди кабыл алууда маселе документтерди алуу үчүн талап кылынган процедуралардын көптүгү болуп саналат. Ошентип, колдонуудагы Регламент курулуш иштеринин жүрүшүн басаңдаткан жол-жоболорду, кайталанган процедураларды, ошондой эле зарылчылыгы негизсиз болгон процедураларды камтыйт. Буга байланыштуу Мамкурулуш жаңы Жобонун долбоорун иштеп чыкты, ал инвестициялык климатты жакшыртууга, курулуш мөөнөтүн кыскартууга жана Кыргыз Республикасында объекттерди курууга документтерди берүү процесстерин оптималдаштырууга багытталган.

Жыйындын жүрүшүндө Мамкурулушагенттиги тарабынан сунушталган Жобонун долбооруна байланыштуу маселелер талкууланып, мындан аркы иштерде эске алынуучу сунуштар айтылды.