icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

М.О. Молдомырзаев курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү

Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары М. Молдомырзаев Агенттиктин структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана бир катар курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, документтерди берүүнүн жана пайдаланууга берилген курулуш объекттеринин шайкештигин баалоонун тартиби жөнүндө Жобону жаңы редакциясы сунушталды. 

Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары М. Молдомырзаев Жобонун эски редакциясында курулуш компаниялар үчүн документтерди алууда бир катар кыйынчылыктар аныкталганын белгиледи. Негизги көйгөй - документтерди алуу үчүн талап кылынган процедуралардын көптүгү аныкталган.  Буга байланыштуу Мамкурулуш Жобонун жаңы долбоорун иштеп чыкты. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди куруу үчүн документтерди берүү процесстерин оптималдаштырууга багытталган.