icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамкурулуш агенттиги социалдык объекттердин типтүү долбоорлорун иштеп чыгууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасын аткаруу максатында, КР Мамкурулуш агенттиги мектептер, бала бакчалар, ФАПтар жана административдик имараттар сыяктуу социалдык объекттердин типтүү долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ишке киришти. Ыкчам иш алып баруу максатында КР Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары М.О. Молдамырзаевдин демилгеси боюнча бул ишке көмөк көрсөтүүнү каалаган OcOO «ARZY», OcOO «СЫНЧ», ОсОО «Бейс Арт», Осоо «Абрис-Гранд», ОсОО «Профстиль» аттуу жеке долбоордук уюмдар тартылган.

2024-жылдын 8-февралында Мамкурулуштун директорунун орун басары М.О. Молдамырзаев көчмө жыйын өткөрүп, анда иштелип жаткан социалдык объектилердин типтүү долбоорлору каралып, долбоорлорду жакшыртуу боюнча сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.