icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Аламүдүн айылы боюнча инвентаризациялоо иштери жүрүүдө

Инвентаризациялоо боюнча иштер жасалууда

Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Аламүдүн районунун аймагындагы Алма-Ата көчөсүндөгү маалыматтык-жарнак түзүмдөрүнө жайгаштыруу аркылуу таратылуучу жарнактарды, убактылуу жеңил объекттерди иретке келтирүү  (инвентаризациялоо) максатында райондук кызматтардын катышуусунда көчмө жумушчу комиссия түзүлдү. Жумушчу комиссиянын жүрүшүндө чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээси тарабынан бир катар мыйзам бузуулар, атап айтканда имараттардын фасадына маалыматтык-жарнак конструкцияларын жайгаштыруу жана архитектуралык-көркөм талаптарга жооп бербөө фактылары аныкталган. Буга байланыштуу Чүй регионалдык  шаар куруу жана архитектура башкармалыгы чарбалык субъектилердин ээлеринен мындай мыйзам бузууларга жол бербөөнү өтүнөт.

Белгилей кетсек, бул иш жума сайын уланат.