icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

М.О. Молдомырзаев: "КР Мамкурулуш агенттиги жашыл инновациялык долбоорлорду колдойт"

2024-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Архитекторлор Союзунун аянтчасында “ЮНИСОН” коомдук фонд менен биргеликте  Эл аралык Өнүктүрүү Фондунун миграция боюнча уюмунун (IDF)   

“Кыргызстандан жашыл реновация процессине ички мигранттарды аралаштыруу”  долбоорунун негизинде уюштурулган конкурстун жыйынтыгы болуп өттү. Конкурстун максаты -  талаптарга туура келген долбоорлорду тандап,  тандалган типтеги үйлөрдү мамлекеттик деңгээлде    аймактарда колдонуу болуп саналат.

Иш-чарага КР Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Максатбек Молдомырзаев, Архитекторлор союзунун председатели Бейшенбаев Муратбек Ишенбекович, UNISON GROUP пезиденти Абдырасулова Нурзат Аскарбековналар катышышты.

КР Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Максатбек Молдомырзаев өз сөзүндө: "КР Мамкурулуш агенттиги жашыл иновациялык долбоорлорду колдойт. Буга окшогон иш чаралар баардык тармакта уюштурулушу керек. Анткени дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүшү, бизди жер ресурстарын үнөмдөөгө жол ачууда . Ошондуктан,  курулушта болобу же башка тармакта болобу жашыл экономиканы активдүү пропаганда кылышыбыз керек. Буга окшогон долбоорлордун жайылышына Мамкурулуш агенттиги ар дайым тилектеш экендигин билдирет. " - деп айтып өттү.

Жалпысынан 16 архитектуралык долбоор катышкан. Анын ичинен 6 долбоор жыйынтыктоочу этапка өтүп, арасынан мыктылар тандалып, кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.