icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Унаа жолдорунун жээгиндеги мыйзамсыз объектилер буздурулууда

УНАА ЖОЛДОРУНУН ЖЭЭГИНДЕГИ МЫЙЗАМСЫЗ ОБЪЕКТИЛЕР БУЗДУРУЛУУДУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” №109 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз  жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгынын алкагында, Сүлүктү шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы мыйзамсыз курулган курулуштарды аныктап, унаа жолдорунун жээгинде жайгашкан объектилерди буздурууда.

Эске салсак буга чейин аталган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.