icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Калкты таза суу менен камсыздоо пландары каралды

2024-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин жыйындар залында Департаменттин директорунун орун басары Азамат Шадмановдун жетекчилиги алдында аймактык адистер менен иш отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө 2023-жылдын ичинде тармактагы иштер боюнча отчеттор жана 2024-жылга карата иш пландар угулду. Ошондой эле, аймактык түзүмдөрдүн ишин оптималдаштыруу, жакшыртуу максатында кадрлык маселелер жана учурдагы көйгөйлөр талкууланды.

Аймактык түзүмдөрдүн адистеринин иштеринде республиканын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду координациялоо жана көзөмөл жүргүзүү жаатында кемчиликтер белгиленип, ар бир регион боюнча тиешелүү милдеттер коюлду.