icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

М.О. Молдомырзаев КР байланыш операторлор ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат берүүчү документтерди берүү тартиби жана курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун долбоорунун жаңы редакциясын даярдоо боюнча иштердин алкагында 2024-жылдын 14-февралында Мамкурулуштун директорунун орун басары  М. О. Молдомырзаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасыны Байланыш операторлор ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамкурулуш сунуштап жаткан Жобонун долбооруна тиешелүү маселелер талкууланды жана  сунуштар айтылды.

Директордун орун басары М.О. Молдомырзаев бүгүнкү күндө Мамкурулуш тарабынан сунушталып жаткан долбоор инвестициялык климатты жакшыртууга, курулуш мөөнөттөрүн кыскартууга жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди курууга документтерди берүү процесстерин оптималдаштырууга багытталгандыгын белгилеп өттү.