icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Үч-Коргон айылында мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан үч-Коргон айыл аймагы аркылуу өткөн Ош-Раззаков унаа жолунун коргоо аймагына чыгып, курулган 89 мыйзамсыз курулуш объект аныкталган. Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы  жана айыл өкмөт кызматкерлери тарабынан курулуш объекттердин ээлерине тиешелүү эскертүүлөр берилген.

Бүгүнкү күндө 15 ке жакын мыйзамсыз курулуштар жарандардын өз эсебинен бузулуп, жер тилкелери кайрадан калыбына келүүдө. буга окшогон иш аракеттер шаар куруу жана архитектура боюнча Башкармалыгы тарабынан райондун башка аймактарында дагы уланууда.