icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Раззаков шаарында көрнөк-жарнактар кыргыз тилинде жазылат

Раззаков шаарында көрнөк-жарнактар кыргыз тилинде гана жазылат. Бул боюнча Лейлек районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жергиликтүү аймактын мэриясы менен биргеликте Раззаков шаар аймагында соода түйүндөрүндөгү мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактары иретке келтирүү аракеттерин көрдү.  

Соода жайларындагы көрнөк-жарнактар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарына жооп бербегендиги үчүн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бир катар эскертүүлөр берилди.