icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жаңы-Жол жана Кара-Тоо айылдарынын башкы пландарына өзгөртүүлөр киргизилет

Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан иштелип жаткан Кочкор районунун Кара-тоо жана Жаңы-Жол айылдарынын башкы пландары жумушчу коммиссия тарабынан талкууланып, толуктоолор жана сунуштар айтылып, өзгөртүүлөрдү башкы планга киргизүү үчүн кайра Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтуна жөнөтүлдү.

Бул боюнча аталган райондун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын демилгесинин негизинде Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жумушчу коммисия түзүлгөн.