icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кочкор районундагы кызыл чектен чыккан мыйзамсыз курулуштар ирээтке келтирилет

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Жаны Жол айылындагы З. Бердалиев жана М. Бостонкулов көчөлөрүндө асфальт төшөө иштери башталып жаткандыгына байланыштуу, Кочкор районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын сунушунун негизинде Кочкор районунун  мамлекеттик администрациясы чыгарган буйруктун алкагында, тиешелүү мекемелер катышкан жумушчу комиссия түзүлгөн.

Иштин жүрүшүндө жумушчу коммисия тарабынан бир катар кызыл чектен чыккан курулуштар аныкталып, объекттердин ээлерине тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда бул курулуштар өз ээлери тарабынан буздурулууда.