icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жеке долбоорлоо уюмдарды соц.объектилеринин типтүү долбоорлорун иштеп чыгууда көмөк көрсөтүүдө

Бүгүн мектептердин, бала-бакчалардын, поликлиникалардын жана административдик имараттардын типтүү долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча башталган иштерди ишке ашыруу максатында, Мамкурулуштун директорунун орун басары Максатбек Молдомырзаев инженердик тармактарды долбоорлоо жаатындагы кесипкөй адистер менен жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө, чакырылган адистер долбоордун чектеш бөлүктөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө каалоолорун билдирген айрым объектилер аныкталды:

- долбоордук кубаттуулугу 100, 150, 225, 275, 400, 800 орундуу мектептер;

- долбоордук кубаттуулугу 150, 300 орундуу бала бакчалар;

- 60-тан 100 чарчы метрге чейинки жеке турак-жай имараттарынын 10-дой түрү;

- 4 типтеги фельдшердик-акушердик пункттар (ФАП);

- 4 типтеги административдик имараттар.