icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамкурулуш агенттиги жылдык жыйынтыктоочу коллегиясын өткөрдү

Бүгүн 2024-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жылдык коллегиясы болуп өттү.

Негизги баяндамалар менен Мамкурулуштун директорунун орун басарлары: С.Э. Джантелиев, М.О. Молдомырзаев,  Т. Иманакун уулу жана Б.К. Станбеков чыгып маалымат беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө ведомствонун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жалпы жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди жана учурдагы маселелер талкууланды, ошондой эле 2024-жылга карата артыкчылыктуу багыттар белгиленди.

Коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Д.Ж. Эркимбаев, Мамкурулуштун директору Н.К. Орунтаев, директордун орун басарлары, ошондой эле түзүмдүк ведомстволук жана регионалдык бөлүмдөрдүн жетекчилери, 46 райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыктарынын жетекчилери онлайн форматта катышышты.