icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мыйзамсыз жер тилкелерин бөлүп берүү фактысы аныкталып, мамлекетке кайтарылды.

КР Мамкурулуш агенттигинин системасындагы коррупциялык элементтерди жоюу учурунда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун башкы архитектору тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы аныкталды.

Ала-Бука районунун башкы архитектору Ж.М.Ж. иш учурунда 10 сотук жер тилкесин мыйзамсыз алып чыгып, туугандарынын атына каттатып койгон, буга чейин аталган жер тилкеге эки коммерциялык имарат курулуп, алар коммерциялык максатта активдүү пайдаланылып келген, алсак:

1) жалпы аянты 450 чарчы метр үч кабаттуу имарат;

2) жалпы аянты 150 чарчы метр болгон бир кабаттуу турак-жай. Көрсөтүлгөн имараттар дагы туугандарынын атына катталган.

Мамкурулуштун жетекчилиги КР УКМК кызматкерлери менен биргеликте көрүлгөн чаралардын аркасында жогорудагы имараттар жер тилкелери менен бирге толугу менен Мамкурулуш агенттигинин балансына өткөрүлдү. Башкы архитектор Ж.М.Ж. ээлеген кызматынан бошотулуп, аныкталган факт боюнча укуктук баа берүү үчүн чогултулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Ошону менен бирге, Мамкурулуштун жетекчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарын Аймактык шаар куруу жана архитектура, курулушту көзөмөлдөө башкармалыктардын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине көңүл бурууну жана эгерде мыйзамсыз фактылар аныкталса, Мамкурулушка билдирүүнү өтүнөт. Ошондой эле, КР Мамкурулуш агенттигинин жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылат.