icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Теплоключенка айылында манасчылар паркы курулат

Ак-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Манасчылар паркынын комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты.  Аткарылып жаткан эскиздик долбоор  Теплоключенка айылынын күн-батыш тарабына курулат.

Аталган паркта Манас айтууга, Нооруз майрамын өткөрүүгө, көргөзмө жыйын уюштурууга, музей катары колдонууга шарт түзүлүп, жаштар үчүн сейил бак катары, меймандар үчүн сый көргүзүү катарында багытталган  ар кандай скульптуралык композициялар орнотулат.