icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

ЭЛЕКТРОНДУК МАМЛЕКЕТТИК ЭКСПЕРТИЗА: КУРУЛУШТАГЫ ЖАҢЫ САНАРИПТИК ЧЕЧИМДЕР

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында «Долбоорлоо жана сметалык документтердин мамлекеттик экспертизасы» маалыматтык тутумунун жаңы функционалдуулугунун презентациясы болуп өттү. Бул презентация Мамлекеттик экспертиза чөйрөсүндө санариптик технологияларды киргизүү боюнча иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү. 

2023-жылдан бери иштеп жаткан маалыматтык системаны модернизациялоонун жана аны Мамкурулуш комитети аркылуу системалар менен интеграциялоонун алкагында Мамэкспертиза департаменти “Инфоком” МИнин иштеп чыгуучусу менен бирдикте «Долбоорлоо-сметалык документациянын мамлекеттик экспертизасы» интернет системасы ийгиликтүү ишке киргизди, анда бүгүнкү күндө 42 долбоор пилоттук режимде экспертизадан өткөрүлүүдө.

Пилоттук өткөрүүнүн жыйынтыктарын кылдат талдоодон, ошондой эле жаңы система менен иштөө боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен «Инфоком» мамлекеттик ишканасы, Мамлекеттик экспертиза департаменти менен биргеликте ишти жакшыртууга жана экспертизанын катышуучулары ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган эки жаңы функционалдык модулду иштеп чыгып, сунуштады. 

Жаңы санариптик модулдар мамлекеттик экспертизанын процесстерин оптималдаштыруунун негизги куралы болуп калат жана кардарлардын, долбоорлоо уюмдарынын жана департаменттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү олуттуу түрдө жакшыртат. Бул чечим келечекте курулуш объектилеринин сапатына жана коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизген ачык-айкын, эффективдүү жана сапаттуу экспертиза процессине алып келет.