icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

МАМЛЕКЕТТИК ЭКСПЕРТИЗАНЫН АРДАГЕРЛЕРИНЕ МАМКУРУЛУШТУН СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору Бакай Турдугулов курулуш тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерди куттуктап, ардактуу эс алууга узатуу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн Мамкурулуштун “Ардак грамотасы” менен сыйлады.

Курулуш тармагынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн, 2024- жылдын 7-февралындагы №27 буйругуна ылайык Мамкурурулуштун Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

1. Кадыралиев Касымбек Бейшекович - Мамлекеттик экспертиза Департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; 

2. Жанаев Асанбек Токонбаевич - Мамлекеттик экспертиза Департаментинин Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;  

3. Осмоловец Никита Анатольевич - Мамлекеттик экспертиза Департаментинин коммуникация жана инженердик жабдуулар бөлүмүнүн башкы  адиси.