icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыяр Станбеков жана Мамкурулуштун алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Азамат Шадманов аталган фирманын директору Алексей Никифоровдун жетекчилигинде Россиянын "Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы натыйжалуу технологиялар" илимий-өндүрүштүк фирмасынын өкүлдөрүн кабыл алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тажрыйба бөлүшүп, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы маселелерди чечүүдө комплекстүү мамиле жасоону сунушташты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бул багытта мындан аркы кызматташуу үчүн маалыматтар алмашылды.