icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун техникалык кеңеши болуп өттү

2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун техникалык кеңеши болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар маселелер талкууланып, аны менен катар, Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, Бишкек шаарындагы Дэн - Сяопина, Каракумская, Арзамасская жана Сельсовецкая көчөлөрү менен чектелген аймакты өнүктүрүү долбоорун, Ош шаарында жайгашкан 9 кабаттуу СКБ объектилери бар турак жайды жайгаштыруу үчүн жолду долбоорлоо, Бекбалаев көчөсүндөгү чектелген өнүктүрүү долбоорун кароо, аянты 136 гектрады камтыган Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак айылынын деталдуу пландоо долбоорунун башкы пландары каралды