icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоочу объектисинин курулуш иштери көзөмөлгө алынды

2024-жылдын 1- мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Джантелиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары уланууда.

Иш сапардын жүрүшүндө КР Мамкурулуш агенттинигин биринчи орун басары Самат Джантелиев, Агенттикке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору И.Т. Момоконов, регионалдык архитектура, кадастр, айыл өкмөтү жана водоканал жетекчилери менен биргеликте, аталган облустун социалдык объектилеринин курулуш иштери жана Тоң районунун Бөкөнбай айылындагы ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоочу объектисинин курулуш иштери менен таанышып, тийиштүү тапшырмалар берилди.