icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуштун директорунун жаңы орун басары болуп, Бакай Турдугулов дайындалды

Мамкурулушта директордун жаңы орун басары дайындалды

Бүгүн 2024-жылдын 11-мартында КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Назгүл Мекешованын катышуусунда, Мамкурулуштун аппаратынын кызматкерлерине жаңы орун басарын тааныштырды.

Турдугулов Бакай Болотович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. 

Тиешелүү тескемеге 2024-жылдын  7-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.